Кышкысын жалпы 3 млн 30 миң тоннага жакын көмүр керектелет. Анын 1 млн 236 миң тоннасы турак жайларды жылытуу үчүн колдонулат.
Учурда 242 миң 700 тонна көмүр бар. Жыл бою 200 миң тоннага жакын көмүр сыртка сатылса, октябрдан баштап экспортко тыюу салынды. Азыркы тапта Кара-Кече 300 миң тонна кара алтынды жүктөп Бишкеке жеткирүүгө даяр.
Мындан сырткары Казакстандан 400 миң тонна импорттолот. Министрлик калкка жеткиликтүү болушу үчүн көмүрдүн баасын көзөмөлдөө иштерин күчөттү.
Жыл сайын кышка маал көмүр тартыштыгы жана анын асман чапчыган баасы коомчулукту дүрбөлөңгө салып келет. Атайын комиссия түзүлүп көмүр саткан жайларга “Кыргызкөмүр”, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана укук коргоо органдары барышты.
Көмүрдүн бир тоннасына 4 миң сом баа коюлду. Бир гана Сүлүктүнүн көмүрү колдо казылып сапаты мыкты болгондуктан бир тоннасы 8 миң сомдун тегерегинде сатылат.