Коопсуздук саясатынын дагы бир жаңы багыты - бул жер бетиндеги терс климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу жана аларга ыңгайлашуу деди президент Садыр Жапаров Астанада өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитинде сүйлөгөн сөзүндө.
Кыргыз лидери акыркы убакта дүйнөнүн ар кайсы региондорунда, анын ичинде АӨИЧК мейкиндигинде табигый кырсыктар суу ташкындары, селдер, жер көчкүлөр жана жер титирөөлөр түрүндө байкалып, алар чоң кыйроолор жана адамдардын өлүмүнө алып келди. Бизде бул татаал табигый процесстерге ыңгайлашуудан башка альтернатива жок - деди.