Билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бири. Педагогикалык тажрыйба алмашууну ыкчамдатып, окутуудагы жаңы технологияларды ишке киргизүүгө Кыргыз-Азербайжан билим берүү кызматташтыгы өбөлгө түзмөй болду. Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын алкагында бир жаңы мектеп ачылып, дагы бир билим уясына Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылды.