Жаңылыктар
Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Анкарада Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

Түркиянын Анкара шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бюсту жана анын атындагы сейил бак ачылды. 

Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришкендей, иш-чарага элчи Кубанычбек Өмүралиев жана Чанкая муниципалитетинин мэри Алпер Ташделен катышты. 

Кубанычбек Өмүралиев өз сөзүндө Түркиянын борбору Анкарада Айтматовдун урматына сейил бак ачылып, ага бюсттун орнотулушу жазуучуга жана анын элесине болгон терең урматтын ачык ырастоосу гана эмес, ошону менен бирге эки элдин боордоштук алакаларынын символу экенин баса белгиледи. 

Ал эми мэр Алпер Ташделен Чыңгыз Айтматовдун улуу инсандыгы, чыгармалары жана чыгармаларынын экранизациялары менен чоңоюп өскөн түрк жарандарынын бүтүндөй мууну үчүн зор маанисин белгиледи. Ал кыргыздын улуу жазуучусунун ысымы учурда Анкаранын Чанкая муниципалитети менен байланышып жатканына терең кубанычын жана сыймыктанганын кошумчалады. 

Салтанаттуу иш-чарага Түркияда аккредитациядан өткөн чет мамлекеттердин дипломатиялык миссияларынын жетекчилери жана өкүлдөрү, министрликтердин жана ведомстволордун, коомдук уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн, бизнес түзүмдөрдүн, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Анкарада жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.