Жаңылыктар
Жасалма акча сатууга аракет кылгандар кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Жасалма акча сатууга аракет кылгандар кармалды

Жасалма акча сатууга аракет кылган адамдар кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

10-октябрда Бишкек шаарында 5 700 доллар өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган Кыргызстандын эки жараны кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган. 

Кылмыш-жаза кодексинин Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган жарандар УКМКнын камак жайына киргизилди. 

Тергөө иштери жүрүп жатат.