11-октябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы 14 мамлекетти Адам укуктары кеңешине мүчө кылып шайлады.
Кыргызстанды колдоп 126 өлкө добуш берди. Адам укуктары кеңешине 47 мамлекет мүчө, алар түздөн түз жана Башкы ассамблеяда жашыруун добуш берүү аркылуу тандалат. Бул жолу беш чөлкөмдүк топ 17 талапкер көрсөткөн. Азия жана Тынч океан чөлкөмүнөн төрт орун үчүн алты мамлекет Кыргызстан, Ооганстан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив, Корея ат салышты.
Буга чейин Президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йоркто Башкы ассамблеяда сүйлөгөн сөзүндө дүйнөлүк коомчулукту Кыргызстандын талапкерлигин колдоого үндөгөн.