Жаңылыктар
Бишкекте таза суу берүү убактылуу токтойт
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте таза суу берүү убактылуу токтойт

13-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. 

Бишкек шаарынын мэриясы тараткан маалыматка ылайык, саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт. 

Суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. Мындан улам Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары, Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектисинде таза суу убактылуу токтотулат. 

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.