Жаңылыктар
Баткен жана Ошту калыбына келтирүү тууралуу жарлыкка кол коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Баткен жана Ошту калыбына келтирүү тууралуу жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров “14–17-сентябрда Баткен облусунда болгон куралдуу кагылышуунун кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. 

Ага ылайык, бузулган жана талкаланган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен районунун Капчыгай жана Достук калктуу конуштарында жайгашкан жеке турак үйлөрдү Жарандык коргонуунун өзгөчө кырдаалдардан келтирилген зыянды баалоо боюнча комиссиясы тарабынан аныкталган бузулуулардын бар же жок экендигине карабастан, кийин жаңы турак үйлөрдү куруу менен толук бузуу жөнүндө сунушу жактырылат.

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте Капчыгай жана Достук калктуу конуштарын деталдуу пландоо долбоорлору менен биргелешкен башкы пландарды иштеп чыгышы керек. 

Аталган калктуу конуштарда жеке турак жайлар курулат. Тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган форс-мажордук кырдаалдардын кесепеттерин жоюу шартында курулуш иштери өз убагында аяктоого тийиш. 

Жаңы тургузулган жеке турак үйлөрдүн укук ырастоочу документтери курулуш иштери аяктаган учурда бир убакта тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан менчик ээлерине акысыз берилет. 

Финансы министрлиги башкы пландарды, калктуу конуштардын деталдуу пландоо долбоорлорун жана топографиялык негиздерин иштеп чыгууга берилген сметага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына акча каражаттарын бөлөт.