Быйыл Кыргызстанга келген Россиялык жарандарынын саны салыштырмалуу 30%га көп. Бул тууралуу маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди.
Анын айтымында, быйыл 9 айда Кыргызстанга 192 миң орус жараны келген.
"2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Өткөн жылдын 9 айында Орусия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга тапшырык берип, анын ичинен 603ү алды”, - деди ал.