Европа жана араб өлкөлөрүнөн Кыргызстанга инвестиция тартылат. Бул тууралуу Парижде өткөн кыргыз-француз бизнес ассоциациясынын жыйынында белгилүү болду.
Макулдашууга даярдалган документтердин катарында Жайыл районунда ири мал чарбасын өнүктүрүү, Ысык-Көлдө тоо лыжа базасын ачуу, жылына 4700 батирден турган социалдык турак жайларды куруу сыяктуу долбоорлор бар.
Европалык инвесторлор 14-15-октябрь күндөрү Бишкекте өтө турган форумга катышат.