Жаңылыктар
Салыкты толук чогултуу үчүн, аткезчиликти токтотуу зарыл
Кыргызстан жаңылыктары
Салыкты толук чогултуу үчүн, аткезчиликти токтотуу зарыл

«Электрондук эсеп-фактураларга толугу менен өтмөйүнчө, товарлардын кыймылын эсепке алуу кыйынга турат. Бирдиктүү салык төлөм картасы, «Салык төлөөчүнүн кабинети» сыяктуу долбоорлорду толуктап иштеп чыгып, ишке киргизүү керек. Бул туурасында министрлер кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров салык кызматында өткөргөн жыйында айтты. 

Ал, салыкчыларга "контрабанда тууралуу унутпаңыздар, планды кыйналбастан аткаруунун бирден-бир жолу контрабанданы толугу менен токтотуу", - деди. 

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 9 айында 148 млрд сомдон ашык салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулган.

«2022-жылдын январь-сентябрь айларында салык кызматы тарабынан салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү түрүндө 148 млрд 125 млн сом жыйналды, бул өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 44,3 млрд сомго көп», - деди салык кызматынын башчысы. 

Ал кошумчалагандай, 111 млрд 755 млн сом салык жана төлөмдөр чогултулган. Белгиленген план 236 млн сомго ашык аткарылган. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктар 35 млрд 906 млн сомго көп чогултулган. 

Кеңешменин жыйынтыгында Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды берип, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 млрд сом өлчөмүндө бекитүү пландалып жатканын белгиледи.