«Кайыңды-Кант» жана «Кошой» акционердик коомдорунун өкүлдөрү кант кызылчасын темир жол аркылуу ташуу үчүн 5 жылдык мөөнөткө жеңилдетилген тарифтерди бекитүүнү сунушташты.
Мындай сунушту алар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевге беришти. Алардын айтуусунда, бул демилге ишке ашса, дыйкандарга канттын түшүмдүүлүгүн 800 миң тоннага чейин жеткирүү максатында аталган өсүмдүктү айдоо аянттарын ишенимдүү кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Натыйжада кантты импорттоого байланыштуу тартыштык тобокелдигин жокко чыгарып, өлкөнүн кумшекерге болгон ички керектөөсүн 100 пайызга камсыздайт.
Айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл кант кызылчасынан жакшы түшүм алуу күтүлүүдө, учурда аны жыйноо иштери уланууда. Дыйкан чарбалар жыл аягына чейин 480 миң тоннага чейин түшүм жыйнап алуу пландаштырылган.
Белгилей кетсек, быйылкы кант кызылчасынын мыкты түшүмү сапаттуу үрөндүн, тийиштүү техниканын бардыгына жана жагымдуу аба ырайына жараша болууда. Чүй-Токмок кызылча кабыл алуу пунктунун иши менен таанышуу учурунда Бакыт Төрөбаев кызылчачыларды колдоо жана өстүрүлгөн түшүмдү толук кайра иштетүү максатында кант кызылчасын ташууда республика ичиндеги темир жол каттамына жеңилдетилген тарифти белгилөө чечими кабыл алынганын билдирди.
«Жогорку түшүмдүн аркасында ата мекендик кант заводдору 62 миң тоннадан ашык кумшекер өндүрүп, ички рыноктун керектөөсүн 50 пайызга камсыздайт. Ошол эле учурда дыйкандарыбыз жогорку түшүмдүүлүктү камсыздоо үчүн келечекте алгач пилоттук долбоорлордун алкагында айыл чарбасында заманбап технологияларды, анын ичинде нымдуулукту сактоо технологияларын активдүү колдонуусу зарыл», - деди ал.