Жаңылыктар
Катар өнүктүрүү фонду Бишкек тез жардам ооруканасын оңдойт
Кыргызстан жаңылыктары
Катар өнүктүрүү фонду Бишкек тез жардам ооруканасын оңдойт

Бишкек шаардык Тез жардам ооруканасын реконструкциялоо боюнча долбоорду жакын арада практикалык ишке ашырууга киришүү жөнүндө макулдашышты. 

Жалпы 9 млн доллардан ашуун каражатты түзгөн долбоорду Катар өнүктүрүү фонду ишка ашырат. Бул туурасында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катарга болгон расмий сапарынын алкагында өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Халифа бин Жасим Аль-Кувари менен жолугушканда макулдашылды. 

Ошондой эле Кулубаев Аль-Куварини Баткен облусунда Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунун натыйжасында талкаланган социалдык объектилерди калыбына келтирүү долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ушуга байланыштуу жакын арада фонд кыргыз тараптын муктаждыктарын изилдөөгө ниеттенүүдө.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Катар өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, долбоорлорду ишке ашырууда кызматташууну бекемдөө маселелерине токтолушту.