11-12-октябрда Бишкекте жол жана коомдук коопсуздукту камсыздоого милициянын 4 миңден ашык кызматкери тартылат. Бул тууралуу ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.
Айтымында, бул күндөрү Бишкекте жана Чүй облусунда унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
“Иш-чаранын маанилүүлүгүнө байланыштуу киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууга чакырабыз. Жол тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежесин, ошондой эле айдоочулук маданияттуулукту сактаңыз. Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка аймактарына учуп кетүүчү жарандарды "Манас" аэропортуна алдын ала келүүсүн суранабыз", - дейт ал.
Эскерте кетсек, 11-12-октябрда Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик визити күтүлүүдө.