Жаңылыктар
Кыргызстанда бир жумада дээрлик 16 миң жол эрежесин бузуу катталды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бир жумада дээрлик 16 миң жол эрежесин бузуу катталды

Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 15 миң 887 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 3 524 айдоочу жогорку ылдамдыкта унаа башкарып бара жатып кармалган. 161 айдоочунун жанында унаанын тиешелүү документи болгон эмес. 4 394 айдоочу транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузган.

Автоээнбаштык боюнча – 3, жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча 506, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу боюнча 81, жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо боюнча – 6 172, унаанын терезелерин караңгылатып алуу боюнча – 24, мас абалында транспорт каражатын башкаруу боюнча – 215 факты аныкталды. Унаа токтотуучу жайга 927 унаа токтотулду.