Жаңылыктар
Кыска убакытта курулган социалдык объектилер
Кыргызстан жаңылыктары
Кыска убакытта курулган социалдык объектилер

Кыргызстандын 32 жылдык жаңы тарыхында социалдык обьектилердин мындай тез ыргакта жана ири көлөмдөгү курулушу болгон эмес. Буга чейин айлап, жылдап бир да мектепти жарытарлык бүтүрө албаган учурлар болгон. Быйыл жарым жылдын ичинде бир эле Бишкек шаарында 15 жаңы мектеп жана бир бала бакчанын имараты курулуп, ишке берилип жатат. 

Мындан тышкары ыкчам түрдө ооруканалар курулуп, учурда анын көпчүлүгү колдонууга берилип, айрымдарында курулуш иштери аягына чыгып жатат. Анан да мугалимдердин жана медицина кызматкерлеринин айлык акыларынынын көбөйүүсү ушул маанилүү тармактардын жемиштүүлүгүн жогорулатууга карата көрүлгөн алгачкы кадам деп эсептелинет.