Жаңылыктар
Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Апас Жумагуловго «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды

Мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекеттик ишмер Апас Жумагуловго ыйгарылды.

Тийиштүү Жарлыкка Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койду.