1991-жылы 31-августта Жогорку Кеңеш Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндө декларацияны кабыл алып, Кыргыз Республикасын көз карандысыз эгемендүү демоктратиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Мына ошол күндөн тарта Кыргызстандын жаңы тарыхы башталган.
Эгемен жана көз карандысыз өлкө катары башка мамлекеттер менен эки тараптуу дипломатиялык алака-катыш түзүп, теңата мамиле күтүүгө жетишкен.Тарыхчылардын айтымында, бул кыргыз элинин кылымдан бери талпынып, эңсеп келген тилеги эле.
Быйыл Көз карандысыздык күнү Чуңкурчак жайлоосунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда белгиленет. Ошондой эле XIX кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери Канай уулу Байтиктин 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Байтик баатырдын 200 жылдыгын белгилөөнүн алкагында маданий иш-чаралар, “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган этникалык айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланып, улуттук спорт жана ат оюндары өтөт. Майрамдык иш чара бир нече мүнөттөн кийин башталат.