Жаңылыктар
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди
Кыргызстан жаңылыктары
Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. 

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан ардактуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.