Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрация жетекчиси Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында президенттин администрациясынын коллегиясы өттү.
Жыйында мамлекеттик органдардын ишин баалоо методикасы сунушталды. Мындан ары кайсы бир иш-чараны уюштурууга тартылган мамлекеттик органдар бирдей жоопкерчилик алат.
Андан соң Айыл чарба менен Энергетика министрлигинин ишмердүүлүгү каралып, ченемдик укуктук актыларды даярдоосуна баа берилди. 10-декабрга чейин бардык аткаруу бийлигинин иши ушундай эле жол менен бааланып, тиешелүү чара көрүлөт.
Ошондой эле жазуу жана оозеки тапшырмалардын аткарылышы да көзөмөлгө алынат.