Жаңылыктар
Бишкекте ири көлөмдө баңгизат сатып жаткан ирандык жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте ири көлөмдө баңгизат сатып жаткан ирандык жаран кармалды

Бишкекте ири көлөмдө баңгизат сатып жаткан ирандык жаран кармалганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Баңгизат Ирандан Афганистанга, андан соң Тажикстан аркылуу Кыргызстанга жеткирилип турган. 

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10 кг "метамфетамин" алынган. Анын 1 граммы 4500 сомду түзөт. Жалпы наркы 45 млн сом. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кылмышка тиешелүү жактарды аныктоо боюнча тергөө жүрүүдө.