Лифт чыгаруучу ишкана Бишкек шаарындагы эскирген лифттерди алмаштыруу боюнча мэрияга сунуш берди. Эки тараптын сүйлөшүүсү Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин катышуусунда өттү.
Чүй облусунун Ленинское айылында лифт жабдууларын жана жүк көтөрүүчү механизмдерди өндүрүү боюнча алгачкы ата мекендик компания ишин баштаганына 3 ай болду. Ишкана борбор калаадагы иштөө мөөнөтү аяктаган лифттерди жаңылап, жаңы технологиялар аркылуу онлайн тейлөө жана азыркы баа менен эсептешүүнү сунуш кылды. Бирок мэрия өкүлү башка дагы мүмкүнчүлүктөр бар экендигин эске салып, маселени карап чыгууга убакыт керектигин белгидеди.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары мунасага келип, биргелешкен долбоор иштеп чыгууга 10 күн убакыт берди.