“Кумтөр” ишканасы кендеги карьердин капталдарын жана бош тоо тектеринин кыймылдарына көзөмөл жүргүзүүчү жогорку тактыктагы, заманбап радарларды сатып алды. Муну менен компания кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоону , дегеле баардык тобокелчиликтердин алдын алуу максатын көздөөдө.
Адам өмүрү “Кумтөр” үчүн куру сөз эмес. Кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн, дегеле баардык тобокелчиликтердин алдын алуу максатында “Кумтөр” компаниясы Кыргызстанда эле эмес, жалпы Борбордук Азия аймагында алгачкы ирет колдонулуп жаткан эң акыркы үлгүдөгү 2 радар сатып алды. Италиялык өндүрүштөн чыгарлыган IDS GEO радары - 5 чакырымга чейинки алыстыктагы бош тоо тектердин, карьердегибаардык кыймылдарды, 0,01 ммге чейинки тактыкта байкай алат.