Башкы прокурор менен Ички иштер министри аймактарды кыдырат. Алар Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерин жеринен угушат. Себеби, мамлекет башчысы региондорго болгон иш сапарларынын жүрүшүндө жергиликтүү тургундар дал ушул укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин иш-аракеттерине, соттордун чечимдерине карата нааразычылыктарын көп айтышат.
6-15-июль күндөрдүн аралыгында Жалал-Абад облусунун тургундары Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Ички иштер министри Улан Ниязбековго жеринен кайрылууга шарт түзүлдү. Аталган аймактын район, шаарларында өтө турган жолугушууларда адилетсиздик, мыйзамсыздык болуп жаткан окуяларга кабылгандар маселелерин түз жеткире алышат.