Бишкек шаарындагы көйгөйлөрдүн баарын жарандар мэрияга кайрылуу менен чече алышат. Тармактын ачык болушу тууралуу калаа башчысы бүгүнкү 100 күндүк ишмердүүлүккө карата өткөн жыйында билдирди. Азыркы тапта борбордо аткарылган иштер жана алдыдагы пландары менен бөлүшкөн Эмилбек Абдыкадыров унаа тыгындарын, жол көйгөйүн, таштанды жана мыйзамсыз курулуштарды жакынкы арада иретке келтирүүгө убада берди.
Шаардык мэрия 2026-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын бекитип, аны ишке ашыруудагы каржылык көйгөйлөрдү толук чечти. Учурда төрт райондун акимдери өздөрүнө тиешелүү бюджетти жеке көзөмөлүнө алууда. Шаарда аткарылган иштерден сырткары башкы маселе, жол, шаарды көрктөндүрүү, курулуш жана унаа тыгындарын азайтуу.