Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып ӨКМ кабарлады.
Жер титирөө 4-июлда саат 23:45те катталып, Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 балл, Кетмен-Төбө жана Жетиген айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.