Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Социалдык-экономикалык чакырыктарга ыкчам чара көрүү боюнча антикризистик комитеттин кезектеги жыйынын өткөрдү."Март айында биз Министрлер Кабинетинин 2022-жылга карата Антикризистик иш-чараларынын планын бекиттик. Бул документ азык-түлүк коопсуздугун жана мамлекеттик бюджеттин туруктуулугун камсыз кылууга, инвестицияларды тартууга, соода жүгүртүүнү жогорулатууга, ошондой эле дүйнөлүк экономикалык системадагы кайра куруулардан улам келип чыккан тышкы терс факторлордун таасиринин кескин күчөшү шартында калкты жана бизнести мамлекеттик колдоого багытталган», - деди Акылбек Жапаров.Антикризистик чаралардын планын ишке ашыруу алкагында, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1,5 млрд сом бөлүндү, Маанилүү дары-дармек каражаттарынын тизмесине киргизилген дары-дармектерди Кыргызстанга каттоосуз ташып келүү жөнүндө чечим кабыл алынды, калктын социалдык жактан аяр катмарына жана максаттуу топторуна гуманитардык жардам көрсөтүү максатында аз камсыз болгон жарандар үчүн социалдык маанилүү азык-түлүктөрдү сатуу каналдары түзүлдү, социалдык мааниге ээ продуктуларды сатып алууну каржылоо механизми түзүлдү. Ошондой эле 1-июндан тартып мамлекеттик жөлөкпулдардын айрым түрлөрүнүн өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алынды. 1-апрелден тартып эмгек акыны жогорулатууну эске алуу менен социалдык чөйрөдөгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын жөнгө салган чечимдер кабыл алынды. “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын алкагында турак жайдын жаңы параметрлери кайрадан каралган жана белгиленген.