Жаңылыктар
Жалал-Абадда тамакка уулангандардын саны өстү
Кыргызстан жаңылыктары
Жалал-Абадда тамакка уулангандардын саны өстү

Жалал-Абадда 35 адам ууланган тамактануу жайына айып салынып, ишмердүүлүгү токтотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, уулангандардын баары 27-июнь күнү шаардагы “Ага-ини” тез татым жайынан тамактанган. 

Аталган окуядан кийин Жалал-Абад район аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан аталган тез татым жайы жабылып, 7 жарым миң сом айып салынды.

Окуяга байланыштуу 30-июнда Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова тиешелүү мекеме-ишканалардын адистери менен жыйын өткөрдү.

Анда аба ырайы кескин жогорулап жаткандыктан шаардагы тез татым, бат бузулуучу эт, сүт азыктарын, жер -жемиштерди көзөмөлгө алып, тез арада рейддерди өткөрүү боюнча тапшырма берилди.

Эскерте кетсек, “Ага-ини” тез татым жайынан 35 адам ууланган. 

Учурда алардын 27си облустук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жатат. Дарыгерлер бейтаптардын абалы туруктуу экенин билдиришти.