Президент Садыр Жапаров "Оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 22-июнда кабыл алган.
Документтердин максаты инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү болуп саналат. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензиянын негизинде жоопкерчилиги чектелген коом жана жабык акционердик коом формасындагы юридикалык жактар гана оюн ишмердүүлүүгү менен алектенүүгө укуктуу.