Президент Садыр Жапаров "Оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзамдарды Жогорку Кеңеш 22-июнда кабыл алган. Документтердин максаты инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү болуп саналат.Ыйгарым укуктуу орган тарабынан 10 жылдык мөөнөткө берилген лицензиянын негизинде жоопкерчилиги чектелген коом жана жабык акционердик коом формасындагы юридикалык жактар гана оюн ишмердүүлүүгү менен алектенүүгө укуктуу. Лицензия берүү Министрлер Кабинети аныктаган тартипте акы төлөө негизинде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, оюн мекемеси балдар бакчасынын, мектептердин, Жогорку жана окуу жайлардын, медициналык жана диний, маданий мекемелеринин, ошондой эле турак жай имараттарында жайгаша албайт.Мындан тышкары, Кыргызстандын жарандары, 21 жашка чыга элек чет элдиктер, ишке жарамсыз чет элдик жарандар оюн жайларынын кардарлары боло албасы Мыйзам менен бекитилген.“Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамы Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө, Салык, Бюджеттик кодекстерге “Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө”, “Жарнама жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт. Бул өзгөртүүлөр “Оюн-зоок иши жөнүндө” мыйзамдын концепциясына жана максаттарына шайкеш келет. Салык кодекси 62-бөлүм менен толукталууда, анда казинонун 1 оюн ойнолуучу үстөлү үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы – 750 миң сомду, 2023-жылы – 1 млн сом, 2024-жылдан тартып – 1 млн 25 миң сомду түзөт.