Энергетикалык дараметти толук пайдаланып, тармакты "Кумтөр" сыяктуу эле экономикага олуттуу салым кошо турган киреше булагына айландырууга мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу мамлекет башчысы парламенттик жыйында сөз сүйлөп, учурда мамлекет “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну колго алганын билдирди. Эгерде суу электр станциясы толугу менен ишке кирсе Токтогул ГЭСине караганда энергетикалык кубаттуулугу алда канча жогору болот.