Жаңылыктар
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду
Кыргызстан жаңылыктары
Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Курман айт 9-июлда белгиленерин билдирди. 

Муфтият тараткан маалыматта “30-июнь Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан, 8-июль арапа күнү, 9-июль Курман айт”, - деп айтылат. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Курман айт майрамы ишемби күнгө туш келгендиктен, 11-июль, дүйшөмбү күнү эс алуу күнү экенин маалымдады.

Мындан улам кыргызстандыктар 9, 10 жана 11-июль күндөрү эс алат.

Ал ортодо, Кыргызстандык зыяратчылардын пандемиядан берки алгачкы ажылык сапары 16-июнда башталган. Ажылык сапарга бара тургандарды каттоо 11-майда жыйынтыкталып, бардык квота берилген.

Быйыл Кыргызстандын жарандарына ажылыкка барууга 2 миң 766 орун бөлүнгөн. 

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Сауд Арабиясы 2020-жылы ажылык зыяратты убактылуу токтоткондон бери кыргызстандыктар бара элек болчу. Ал жылы Кыргызстанга 6 миң 110 квота бөлүнгөн, сапардын баасы 3 миң 350 доллар эле. 

Быйыл ажылык сапардын акысы 4 миң 500 доллар деп бекитилди.

Коронавируска байланышту эки жылдык чектөөдөн кийин 2-майда Бишкектеги эски аянтта Орозо Айт намазы окулган.