Ноокат райондук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунда вирусологиялык лаборатория ишке кирди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, лаборатория Ислам өнүктүрүү банкынын “COVID-19 учурунда чукул жардам” долбоорунун алкагында курулган.
Министрликтен белгилешкендей, лаборатория ILAB маалымат системасына туташтырылган. Тутумдун артыкчылыгы - паспорттук маалыматтар Мамлекеттик каттоо кызматынын системасы менен туташып, техникалык каталарды жокко чыгарат. Система бейтаптын паспорттук маалыматтарын өзү киргизет.
Бейтаптар лабораторияга келбей эле ПЧР анализинин жыйынтыгын ала алышат, бул адамдар менен ашыкча байланышты жокко чыгарат. Бул лаборатория жана бейтап үчүн да ыңгайлуу.
Кошумчалай кетсек, лабораториялар “COVID-19суз саякаттоо” тиркемесине туташтырылган.