Жаңылыктар
Бул жылы сугат суу көйгөйү жаралбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Бул жылы сугат суу көйгөйү жаралбайт

Бул жылы сугат суу берүү боюнча көйгөй болбойт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматынын директору Алмаз Сокеев билдирди.

Анын айтымында, сугат суу берүүгө даярдык иштери өткөн жылдын ноябрь айында эле башталып, быйыл май айында аяктады.

 “Бизге бул үчүн акча каражаты бөлүнгөн, Финансы министрлиги тарабынан кармалуулар жок. Биздин суу каналдар чындыгында эски, 90-жылдары курулган, бирок жылына аларды реконструкциялап, оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, суу берүүгө даярдап келебиз. Бөлүнгөн 1 млрд сомдон ашуун каражат калыбына келтирүү иштерине жумшалды”, - деди Осоев.