Мурда жергиликтүү бюджеттен каржыланып келген Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат.
Тийиштүү чечим Министрлер Кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды. Бул чечим «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамды ишке ашырууга багытталган.
Мындан улам жана Бюджеттик кодекстин 115-беренесине ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объекттерин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү чечими кабыл алынды.