Жаңылыктар
Доллардын орточо курсу 22 тыйынга, евро 30 тыйынга кымбаттады
Кыргызстан жаңылыктары
 Доллардын орточо курсу 22 тыйынга, евро 30 тыйынга кымбаттады

Бишкекте доллардын орточо курсу өткөн аптанын жума күнүнө карата 22 тыйынга, евро 30 тыйынга кымбаттады.

Акча алмаштыруу жайларында долларды 81 сомдон сатып алып, 82 сомдон сатууда. 

Рубль менен теңге позициясын өзгөрткөн жок. Орус акчасы 1 сом 38 тыйындан сатып алынып, 1 сом 48 тыйындан сатылууда. 

Күйүүчү майдын баасы мурдагы бойдон турат. АИ-92-үлгүсүндөгү күйүүчү май 59 сом 80 тыйындан 63 сом 60 тыйынга чейин сатылууда. 

Алтын куймаларынын баасы бир суткада өзгөргөн жок, бир гана 100 граммдык уютма арзандап 4 миң 258 сом болуп калды.