Жаңылыктар
Сузакта күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Сузакта күйөөсү аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 31 жаштагы киши 25 жаштагы аялын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди

Маалыматка ылайык, ал кызганычтан улам жубайын муунтуп, үйүнүн короосуна көмгөн. 

Бул факты 23-июнда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, тергөө башталган. 

Жыйынтыгында Киров айылында шектүүнүн үйүнүн короосунан аялдын сөөгү табылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. 

Сузак райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.