Ишкерлер үчүн көзөмөл-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн эң ийкемдүү шарттар түзүлөт. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүүнүн алкагындагы сунуштарды талкуулоо боюнча жумушчу топтун отурумунда билдирди.
Анын айтуусунда, салыктарды төлөө Кыргызстандын ар бир жаранынын конституциялык милдети болуп саналат.
Кеңешменин жүрүшүндө Экономика жана коммерция министрлигинин, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин жана ККМди милдеттүү түрдө киргизүүгө каршы чыккан ишкерлердин 10 күндүк ишинин жүрүшүндө иштелип чыккан жумушчу топтун сунуштары талкууланды.
Министрлер Кабинетинин башчысы алкоголдук ичимдиктерди, курамында алтыны бар продукцияларды, мунай продуктуларын сатуу менен алектенген ишкерлер көзөмөл-кассалык машиналарды колдонууга жана сатылып жаткан продукцияга эсеп-фактураларга ээ болууга тийиш экендигин белгиледи.
Жумушчу топтун кезектеги жыйыны бир жумадан кийин өтүп, анда ишкердиктин башка категориялары талкууланып, ал үчүн контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү үчүн өзгөчө шарттарды түзүү каралууда.