Кыргызстанда дем алыш күнү 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 6, Ош дубанында 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткенде 1, Ысык-Көл облусунда 2, Талас дубанында 1 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 19 бөлүм тартылган.
Ошентип, Токмок шаарында “Орзу” кафесинин ашканасында 2 чарчы метр пол күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Кара-Балта шаарында жалпы аянты 28 чарчы метр болгон гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Октябрь районунда жыгач устундуу шифер менен жабылган кампанын 40 чарчы метри, 3 муздаткыч, жыгач эшик жана терезе күйгөн.
Өрттүн себеби такталууда.