Токмокто 18 метрлик кудук казып жаткан үч киши каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя Жантаев көчөсүндө жайгашкан курулуш материалдарын саткан короонун ичинде болгон.
“Кудукту казуу учурунда эң терең жериндеги киши аба жетпей эс-учун жоготкон. Ал байланышка чыкпай калгандыктан экинчиси ылдый түшүп, ага да аба жетпей кулаган. Натыйжада экөө тең каза болгон”, - деп айтылат маалыматта.
Кийин ошол жерде иштеп жаткан дагы үч киши аларга жардам берейин деп кудуктун түбүнө түшкөн.
Тилекке каршы, алар дагы аба жетпей сыртка чыга албай калышкан.
Жерине ӨКМдин куткаруучулары келип беш кишини сыртка алып чыккан. Алардын экөөнү сактап калууга мүмкүн болду.
Жабыркагандарды Тез жардам кызматы Токмок шаардык ооруканасына жеткирген.
Ал эми маркумдардын сөөктөрү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Күбөлөрдүн айтуусу боюнча, кудукту казып жаткан учурда тереңдиги 10 метрге жеткенде дизель майынын жыты пайда болгон. Себеби жанында күйүүчү майды сактоочу база жайгашкан.