Ошто милиция кызматкерлери 6 адамдын өмүрүн алган оор жүк ташуучу унаанын айдоочусун кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, жүк ташуучу унаанын айдоочусунун айтымында, Жаңы-Кыштак айылы менен Оштун ортосундагы Касымбеков көчөсү менен бара жатканда каршысынан жүргүнчү ташыган маршруттук унаа чыккан. Ал кагышуудан качууга аракет кылып, бирок унааны башкара албай калган жана 28 тонна көмүрү менен кулап, жол четинде тургандарды басып калган. Наркологияда айдоочуну текшергенде ал спирт ичимдигин ичпегендиги аныкталды. Кырсык боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 25 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө иштери уланууда.