Жаңылыктар
Кыргызстанда +40°ка чейин күн ысыйт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда +40°ка чейин күн ысыйт

Кыргызстандын аймагында 26-30-июнь күндөрү аба ырайы кескин жогорулайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Тактап айтканда, абанын күндүзгү температурасы Чүй өрөөнүндө +36…38°ка чейин, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +38…40°ка чейин жогорулашы мүмкүн. 

"Урматтуу жарандар, абанын температурасы абдан ысыган учурда көлөкөдө болуңуздар. Өзгөчө улуу муундагылар, жаш балдар жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар адамдар салкын жайда болуусу зарыл!", - деп айтылат маалыматта.