Жаңылыктар
Талант Мамытов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Талант Мамытов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту

Төрага Талант Мамытов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен жолугушту. 

Жолугушууда боордош эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселелери талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду. 

Талант Мамытов Кыргызстан Түркия менен боордоштук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи. 

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп Түркия Кыргызстан менен болгон бардык багыттагы байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин айтып, анын ичинен парламенттер аралык алакалар артыкчылыкка ээ экенине токтолду. 

Ошондой эле депутаттык достук топторунун ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү керектигин жүйө келтирген Мустафа Шентоп эки тараптуу иш сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Муну менен катар Жогорку Кеңештин Төрагасын Түркияга расмий иш сапар менен келип кетүүгө чакырды.