Мамлекеттик ипотекалык компания депутат Эмил Жамгырчиевдин ишканадагы коррупция тууралуу билдирүүсүн четке какты.
Буга чейин эл өкүлү компаниядагы паракорчулук тууралуу колунда документи бар экенин айткан эле.
Ишкана ипотекалык үй берүү шарттары электрондук системага өткөндүктөн бюрократиялык иштерге жана коррупцияга негиз жок экендигин билдирет.