Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованы кабыл алды. Адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун орчундуу маселелери, Омбудсмен Институтунун ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча чаралар талкууланды. Акыйкатчы Мамлекет башчысына көп жылдан бери акыйкаттыкка жетпей жүргөн жарандардын жеке жана жамааттык иштери тууралуу маалымат берди. Ал адам укуктары бузулган конкреттүү учурларына токтолуп, кайрылмандарга документ берүү, аларды коомго аралаштыруу жана мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча ыйгарым укуктуу органдардын иши жетишсиз экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Атыр Абдрахматова быйыл Кыргызстандын Акыйкатчы Институтунун түптөлгөнүнө 20 жыл толо турганын айтып, буга карата Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштамаларына ылайык, Акыйкатчы макамын Париж прициптерине толук ылайык келтирүү максатында жаңы конституциялык мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатканын белгиледи.
Садыр Жапаров Омбудсмен Институтунун адамдын жана жарандардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо ишин чыңдоо, Мыйзамдын бардыгы тарабынан аткарылышы жана урматталышы принциптерин жылдыруу зарылдыгын белгиледи.