Жаңылыктар
Президент Бириккен күрөш дүйнөсү Эл аралык федерациясынын жетекчилиги менен жолугушту
Кыргызстан жаңылыктары
Президент Бириккен күрөш дүйнөсү Эл аралык федерациясынын жетекчилиги менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 21-июнда, Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Ненад Лалович  жана Азия-Бириккен күрөш дүйнөсүнүн президенти Даулет Турлыханов менен жолугушту.

Жолгушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан үчүн эки жаш курак тобунда Азия чемпионатын өткөрүү чоң сыймык экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстанда эркин күрөш, грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү өтө популярдуу экенин белгиледи. Көчмөн маданиятында жашап, улуу тарыхында жоокер эл болгон кыргыз эли үчүн күрөш жат эмес. Бүгүнкү күндө ата-бабалардын жолу уланып, жаштарынын көпчүлүгү бул спорт менен алектенишип, бул спорт менен дүйнөлүк аянтчаларда чоң ийгиликтерге жетишип, Кыргызстанды даңазалоодо.

“Биз өлкөбүздө спорттун бул түрүн өнүктүрүү жана тиешелүү инфраструктураны жакшыртуу багытында мамлекеттик деңгээлде бир топ аракеттерди көрүп жатабыз. Талыкпай машыгып, ийгиликтерге жетишкен спортчуларга мамлекет ар тараптан колдоо көрсөтө бермекчи. Мындан тышкары, күрөш менен алектенген кыз-келиндерге шарт түзүү максатында Бишкекте заманбап талаптарга жооп берген спорт зал курулуп жатат. Тиешелүү шарттар түзүлсө, көптөгөн спортчулар желегибизди бийик көтөрөт деген ишенимдебиз»,- деп кошумчалады Мамлекет башчысы.