Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экономика тармактарын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.
Кеңешменин жүрүшүндө өлкөнүн суу-энергетикалык балансынын абалы, электр энергиясын импорттоо, жергиликтүү көмүр казуу көлөмү жана отун запастарын даярдоо, энергетикалык объектилердеги ремонт иштерине тийиштүү маселелер каралды.
Бакыт Төрөбаев тармактык мамлекеттик органдардын жетекчилеринин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана андан өтүүдөгү жеке жоопкерчилигин белгиледи.
Штабдын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилди.
Жергиликтүү бийлик органдарына калкты өз убагында көмүр менен камсыз кылуу, керектүү көлөмдө отун базаларын жана көмүр сатуучу жайларды, анын ичинде көчмө пункттарды ачуу тапшырмасы берилди.