Ош шаарында муниципалдык ипотекалык программанын алкагында курулган биринчи көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.
Үйлөрдү тапшыруу иш-чарасына катышкан шаар мэри Алмаз Мамбетов, эгемендүүлүк жылдарында биринчи жолу муниципалдык ипотекалык программаны ишке ашыруунун алкагында жарандар ипотекалык негизде турак жай алып жаткан иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи.
Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында курулган үй 90 батирлүү. Батирлер толугу менен пайдаланууга даяр, инженердик коммуникацияларга туташтырылган. Ошондой эле мэр мындан башка дагы 80 жана 45 батирлүү эки үйдүн курулушу аяктап жатканын, алар дагы ипотекага берилерин айтты.
"Жалпысынан муниципалдык ипотекалык программанын алкагында Ош шаардык мэриясы тарабынан 215 үй-бүлө турак жай менен камсыз болот.
Мындан сырткары, шаардыктардын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан "Үлүштүк курулуш" долбоору ишке ашырылат.
Бул долбоордун алкагында Набережная жана Тилеке Баатыр көчөлөрүнүн боюна көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталды", - деди Мамбетов.