Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан ок атуучу куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жөнүндө контр-чалгындоо иш-чараларынын жүрүшүндө, ок-дарылар жана жардыргыч заттар бекитилген жай табылды.
Ыкчам маалыматтын негизинде Ош облусунун Кара-Суу районунун аймагына белгисиз адамдар тарабынан, жеке ишкердик менен алектенген адамдарга каракчылык жана куралдуу кол салуу үчүн арналган ок атуучу куралдар салынган баштыкты бекитип кетишкендиги аныкталган.
13-июнда ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү жана сактоо фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдарынын алкагындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Төлөйкөн айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жайдан 1 даана жылмакай мылтык, 1 даана идентификациялык номерлери өчүрүлгөн револьвер, даана ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар алынган.
Учурда тергөөнүн толуктугун жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалды.