9 төө, кербенчи, тайгандар жана жылкылардан турган инсталяция Ош шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты тарабынан орнотулду.
Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрынын жанындагы аянтчага коюлду. Максаты - туризмди өнүктүрүү, Улуу Жибек жолунун брендин жайылтуу.
Бул идеяны Ош шаарынын жана облустун туроператорлору, Жибек жолу ассоциациясы колдоп, алар кербенди өздөрүнүн туристтик маршруттарынын объектилеринин тизмесине киргизишкен.
Туризм тармагын өнүктүрүү пландарына ылайык, кербен Улуу Жибек жолунун Провайдери катары шаардын негизги туристтик объектилеринин бири болот.